• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев автоунаада Жалал-Абаддын оңдолгон көчөлөрүн көрүштү

Президент 0


Бишкек, 26.10.23./Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жалал-Абад шаарындагы аз убакыт мурда оңдолуп бүткөн ички жолдордун абалы менен таанышты.

Мамлекет башчысы Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен биргеликте шаардын ушул жылы башталып, бүгүнкү күнү өз мөөнөтүндө оңдолуп, бүткөрүлгөн Курманбек, Малашев, Манас, Назаров, Балтагулов, Осмонов, Пушкин, Мамыр Баатыр, Байзаков көчөлөрүн автоунаа менен жол жүрүп, таанышты.

Көчөлөрдү кыдырган маалда бардык пландалган жерлерге асфальт төшөлүп, түтүктөр алмаштырылып, жөө адамдар өтүүчү жолдор салынып, тротуарлар жана түнкү жарыктандыруу орнотулгандыгы белгиленди. Бардык иштер мамлекеттин эсебинен жүргүзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий