Байсалов: Жарандардын социалдык турак жай алуусу үчүн жаңы нормаларды киргизүү керек

Өкмөт 0

Бишкек, 06.07.22. /Кабар/. Жарандардын социалдык турак жай алуусу үчүн жаңы нормаларды киргизүү керек. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов социалдык турак жай курулушу тармагындагы ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана ишмердүүлүктү координациялоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун кезектеги жыйынында билдирди.

Анын айтымында, турак жайдын жеткиликтүүлүгү боюнча маселе биринчи жолу көтөрүлүп жаткан жок жана көп учурда бардык чечимдер ипотекалык саясатка алып келет.

“Мындан улам биз калктын аярлуу катмарын арзан турак жай менен камсыз кылуунун жолдору боюнча жаңы нормаларды киргизүүбүз керек”, - деди ал.

Байсалов турак жай жөнүндөгү кодексиндеги ведомстволук турак жайларды 5 жылда менчиктештирүүгө кепилдик берген норманы алып салуу керектигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий