• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкекте жаңы окуу китептеринин авторлору, мугалим-практиктер үчүн семинар өттү

Билим 0

Бишкек, 06.07.22. /Кабар/. Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунда жаңы окуу китептеринин авторлору, мугалим-практиктер үчүн семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Республикалык илимий-практикалык “Окуу китеби” борборунун директору Чынара Курбанова окуу китептерине, окуу-методикалык комплекстерге, окуу куралдарына практикалык-педагогикалык экспертиза жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү жобо тууралуу презентация жасады.

Ал эми Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору Алмазбек Токтомаметов семинар окуу китептеринин сапатын жакшыртуу максатында өткөрүлүп жатканын билдирди.

“Мектептеги окуу китептерди жакшыртуу үчүн алгач авторлорду окутуудан өткөрүп жатабыз. Анткени акыркы кезде көп кемчиликтер болуп жатат. Мындан ары жаңы жобого ылайык, окуу китептери төрт экспертизадан өтөт. Алар: илимий, илимий-педагогикалык, басмырлоого каршы жана гендердик, педагогикалык-практикалык (апробация) экспертиза”, - деди Алмазбек Токтомаметов.

Семинардын жүрүшүндө катышуучулар төмөндөгүлөр менен таанышты:

  • Апробация процессинин тапшырмалары жана милдеттери;
  • Апробациянын жыйынтыгы боюнча аралык жана жыйынтыктоочу отчеттуулук формалары;
  • Апробация куралдарын (окуу материалдарын баалоо критерийлери, апробация күндөлүгү) практикада колдонуу ж.б.

Пикир

Оставить комментарий