• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бакыт Жусупов БУУнун Өнөр жайды өнүктүрүү уюмунун башкы директору менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 09.06.21. /Кабар/. Кечээ, 8-июнда Вена шаарындагы Кыргызстандын эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү Бакыт Жусупов Бириккен Улуттар Уюмунун Өнөр жайды өнүктүрүү уюмунун (ЮНИДО) башкы директору Ли Йонг менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ЮНИДОнун башчысы Кыргызстан өнөр жай тармагын өнүктүрүү үчүн чоң дараметке жана ресурстарга ээ деген пикирин билдирди.

Өз кезегинде, уюм мамлекетти долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу, айрыкча Өлкөлүк Өнөктөштүк Программасы (ПСП) аркылуу колдоого даяр.

Кыргызстан Борбордук азиялык регионунун арасында ЮНИДОнун өлкөлүк өнөктөштүк программасына мүчө болгон жалгыз өлкө болуп саналат. ПСП экономикалык өнүгүүгө жетишүү куралы болуп саналат, бул Кыргызстанга өлкөнүн келечегинин стратегиялык көз карашын бекемдөөгө жана өлкөнүн узак мөөнөттүү өнүгүү максаттарына жетүүгө салым кошо турган орто мөөнөттүү программалардын алкагында долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүндүк берет.

Туруктуу өкүл Б.Жусупов ЮНИДОнун башчысы Л.Йонгго Кыргызстанга көрсөткөн жеке колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал Кыргызстандын ЮНИДО менен кызматташуусу узак мөөнөттүү келечекке ээ деп ишендирди. Бүгүнкү күндө өлкөдө бир катар техникалык долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылууда. Инклюзивдүү туруктуу индустриалдык өнүгүүнү алдыга жылдырууну максималдуу түрдө жүзөгө ашыруу үчүн, улуттук артыкчылыктарга жооп берет жана өнөр жай секторундагы улуттук трансформация процессине кошумча дем берет деп үмүттөнгөндүгүн билдирди.

Туруктуу өкүл Б.Жусуповдун ЮНИДОнун ишмердүүлүгүнө кошкон салымын эске алып, башкы директор Л.Йонг уюмдун эстелик сыйлыгын тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий