• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Балдарды коргоо күнүнө карата «Чымыр балдар» сынагы өткөрүлүүдө – сынактын шарттары

Спорт 0

Бишкек, 28.05.20. /Кабар/. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги 1-июнь – Балдарды коргоо күнүнө карата «Чымыр балдар» сынагын өткөрүүдө.

Жаштар иштери боюнча мамлекеттик агенттик бардык каалоочуларды «Чымыр балдар» сынагына катышууга чакырат.

Сынакка катышуу шарттары:

• Өздүк спорттук өнөрлөрүн чагылдырган видеону тартуу (ролик 5 мүнөттөн ашпашы керек);
• Тартылган видеону жана туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн сүрөтүн телеграмга 0777 12-85-00 номерине жөнөтүү зарыл;
• Мамлекеттик агенттиктин @sport.gov.kg инстаграм баракчасына катталуу (жазылуу);

Сынакка өлкөбүздүн аймагында жашап жаткан Кыргыз Республикасынын 7 жаштан 14 жашка чейинки жарандары катыша алышат.

Видеолор 28-майдан тарта 7-июнга чейин кабыл алынат. 8-июнда коюлган талаптарга туура келген видеолор Мамлекеттик агенттиктин @sport.gov.kg инстаграм баракчасына жүктөлөт. Ал жактан ар бир каалоочу видеого лайк коюп, катышуучуга добуш бере алат.

15-июнда добуштар (лайктар) саналып, анын негизинде өлкөнүн эң чымыр балдары төмөнкү 4 номинацияда аныкталат:

• кыздар жана балдар арасында;
• ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кыздар жана балдар арасында.

Жеңүүчүлөргө баалуу белектер берилет.

Кошумча маалымат алуу үчүн 0312 32-53-02, 0312 62-52-15 номерлерине же aijanyl112@mail.ru электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.

«Чымыр балдар» сынагы Балдарды коргоо күнүнө карата жана ошондой эле жыл сайын уюштурулуп келген «Биздин балдар – планетанын келечеги» аттуу иш-чаранын алкагында өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий