• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Баткен облусу Россиянын Свердловск, Челябинск облустары менен кызматташат

Аймак 0

Бишкек, 13.10.23. /Кабар/. Кыргызстандын Баткен облусу менен Россия Свердловск, Челябинск облустарынын ортосунда кызматташтыкты орнотуу боюнча ниеттенүү протоколуна кол коюлду.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, кол коюу аземи Жалал-Абад шаарында өткөн “Кыргызстан менен Россиянын өнөр жай кооперацияларынын жаңы горизонттору” кыргыз-орус аймактар аралык X мааракелик конференциясынын алкагында орун алды.

Бул келишимдер облустар ортосунда экономика, жаштар саясаты, маданият, спорт жана туризм тармагында кызматташууну чыңдоо жана өнүктүрүү, соода - экономикалык, илимий - техникалык жана маданий- гуманитардык чөйрөдө эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштарды ишке ашыруу, анын ичинде облустардын калкынын кызыкчылыгында достук, ишеним, өз ара урматтоо, тең укуктуулук жана өнөктөштүк принциптерине негизделген эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү жана куруу максатын көздөйт.

Протоколго президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Алимбаев, Россиянын Свердловск облусунун Эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар министри В.Ярин, ал эми Челябинск облусу менен кызматташууну орнотуу боюнча ниеттенүү меморандумуна Челябинск облусунун губернаторунун орун басары С.Сушков кол коюшту.

Ошондой эле президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Россиянын «Юнигрин Энерджи» мекемеси жана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду, КР министрлер кабинетинин алдындагы Жашыл энергия фонду мамлекеттик компаниясынын ортосунда кызматташуу боюнча макулдашууга да кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий