• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Баткен облусунда бизнес жумалыгы өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 26.09.23. /Кабар/. Баткен облусунда бизнес жумалыгы өтүүдө, деп билдирет президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан.

Жумалыктын алкагында бүгүн “Баткен облусун өнүктүрүү программасын ишке ашыруудагы актуалдуу маселелер: Финансы институттарынын жана өнүктүрүү инстутуттарынын ролу” аттуу иш-чара өттү.

Ага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяров баштаган тийиштүү жетекчилер, Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун, Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун, Мамлекеттик кепилдик фондунун жетекчилиги, Баткен облусунда ишмердүүлүгүн жүргүзгөн бардык банк өкүлдөрү катышып, ишкерлерге маалымат берүү менен алардын суроолоруна жооп беришти.

Тагыраагы, ишкерлер насыянын бардык түрлөрү, 0 пайыздык насыя, ислам принциптери боюнча насыя, кайтарымсыз грант, аз пайыздуу инвестицияларды алуу жолдору тууралуу маалыматтар берилди.

Иш-чаранын максаты ишкерлердин мамлекеттик колдоолор боюнча маалыматын жогорулатуу, насыяларды максаттуу колдонуу менен натыйжасын арттырууга салым кошуу.

Бизнес жумалыгы президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана өкүлчүлүктүн алдындагы Бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча Кеңеши менен биргеликте ишке ашырылууда.

Белгилей кетсек, Баткен облусунда 2023-жылдын 24-августуна карата “Айыл чарбасын каржылоо - 11” долбоорунун алкагында 528 ишкерге 241 млн 450 миң сом жеңилдетилген насыя берилген.

Аны менен катар республикалык бюджеттен Финансы кредиттик фонду аркылуу чек арадагы акыркы окуяда жабыркаган ишкерлерди колдоо максатында 1% менен насыя берилди. Жалпы 162 ишкер кайрылган.

Учурда облуста 2 миң 504 кичи жана орто ишканалар иштеп жатат, аларда 2 миң 172 ишкерлер алектенишип келишүүдө, ошону менен бирге 42 миң 886 жеке ишкерлер, 32 миң 859 фермердик жана дыйкан чарбалары катталган.

Пикир

Оставить комментарий