• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Баткен облусунда күндүзгү стационарларга 5 миң 182 киши кайрылган

Аймак 0

Бишкек, 04.08.20. /Кабар/. Бүгүнкү күнгө чейин Баткен облусунда ачылган күндүзгү стационарларга 5 миң 182 киши кайрылган. Бул тууралуу онлайн брифинг учурунда өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Алишер Абдрахманов билдирди.

Анын айтымында, облуста күндүзгү стационарлар үчүн 1 миң 613 орун даярдалган.

"Бүгүнкү күнгө чейин күндүзгү стационарларга 5 мин 182 киши кайрылган. Азыр биз алыскы айылдарга көңүл буруп жатабыз. Анткени айыл тургундары ооруп калса райондук борборго убара болуп келип отурбай, айылдагы ФАПтан тиешелүү медициналык жардам ала алгандай шарт түзүп жатабыз. Облуста жалпы 99 ФАП, 90 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу бар", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий