• 87.32
  • 94.96
  • 0.98

Баткен: Жугуштуу оорулар ооруканасынын имаратын оңдоо иштери 70% аяктады

Аймак 0

Бишкек, 20.08.20. /Кабар/. Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгелер борборунун эски имаратын 90 орундуу ооруканага ыңгайлаштыруу максатында жасалып жаткан оңдоп-түзөө иштери 70% аяктады. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда имараттын эшик-терезелери, чатыры толугу менен алмаштырылып, канализация жумуштары бүткөрүлдү.

Оңдоп-түзөө жумуштарына республикалык бюджеттин эсебинен 12 млн сомдон ашуун каражат бөлүнгөн.

Оорукана август айынын аягына пайдаланууга берилүүсү күтүлүүдө. Курулуштун жүрүшүн жана сапатын ыйгарым укуктуу өкүл Алишер Абдрахманов жеке көзөмөлүнө алган.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө чейин Баткен районунун жана Баткен шаарынын 120 миңге чукул калкына, облустук оорукананын 45 орундуу жугуштуу оорулар бөлүмү кызмат көрсөтүп келет.

Пикир

Оставить комментарий