Бишкек, 18.08.21. /Кабар/. Базар-Коргон райондук милициясы зордук-зомбулуктун алдын алуу иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Билдирүүдө айтылгандай, Базар-Коргон райондук милиция кызматкерлери райондук мобилдик автоунаалардын ишмердигин колдоо ассоциациясы жана коомдук алдын алуу борборунун мүчөлөрү менен биргеликте Могол айыл аймагын кыдырышты.
Милициянын көчмө кабылдама унаасы менен Ооган-Талаа, Чарбак, Чкалов, Көк-Төңдү айылынын жашоочулары менен жолугушту. Анда үй-бүлөлүк зомбулуктун келип чыгуу факторлору талкууланып, анын алдын алуу жолдору айтылды.
“Көбүнчө чыр-чатактар миграциядан жана спирт ичимдигин ичкендиктен келип чыгары белгиленди. Мындан сырткары, үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдар тарабынан үч күндүн ичинде кайрадан ошондой абал кайталана турган болсо жоопко тартылары эскертилди”, - деп айтылат маалыматта.
Белигелей кетсек, үстүбүздөгү жылдын жети ай аралыгында Базар-Коргондо 54 зордук-зомбулук фактысы катталган.
Пикир
Оставить комментарий