• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бекжан Супаналиев билим берүү министринин орун басары болуп дайындалды. Өмүр баяны

Кадр саясаты 0

Бишкек, 15.06.23. /Кабар/. Бекжан Супаналиев билим берүү жана министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жаңы орун басарын эмгек жамаатына билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев тааныштырган.

Супаналиев Бекжан Төрөбаевич 1977-жылы Чүй облусуна караштуу Токмок шаарында туулган.

Билими:
1995-2000 - Бишкек гуманитардык университети, Башкаруу жана социология факультети, «Саясат таануу» бөлүмү;
1998-2001 – БГУ караштуу Үзгүлтүксүз билим берүү институту, Экономика жана бизнес факультети «дүйнөлүк экономика» адистиги;
2000-2003 - БГУнун аспирантурасынын күндүзгү бөлүмү, «Саясат таануу» адистиги;
2012-2014 - Япониянын Токио шаары, Мэйдзи университети, мамлекеттик башкаруу магистри.
Эмгек жолу:
2001-ж. январь – 2004-ж. май - КР президентинин администрациясынын басма сөз кызматкери;
2004-ж. май – 2010-ж. декабрь - КРнын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги, долбоордун координатору;
2011-ж. январь – 2012-ж. январь - КР өкмөтүнүн аппаратынын региондук өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
2012-ж. январь – 2014-ж. октябрь — уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн эксперти;
2014-ж. октябрь – 2015-ж. сентябрь – аймактарды өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар башкармалыгынын эксперти;
2015-ж. сентябрь – 2016-ж. апрель – уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн инспектору;
2016-ж.апрель – 2017-ж. январь - билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы;
2017-ж.январь – 2018-ж. март - КР президентинин аппаратынын социалдык өнүктүрүү, тарых жана маданият бөлүмүнүн башчысынын орун басары, башчысы;
2018-ж. март – 2018-ж. ноябрь - КР өкмөтүнүн аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
2018-ж.ноябрь – 2022-ж. февраль - КР коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин аткаруучу директору;
2022-ж.июль - 2023 - «Green Finance Centre Bishkek» компаниясынын башкы директору.
Класстык чини:
«Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси»
Сыйлыктары:
2016-жыл - КР премьер-министринин атынан «Акниет эмгеги жана инновациялык технологияларды колдонуу менен КРнын шайлоо системасын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн» ыраазычылык;
2017-жылы - «Кыргызстандын мамлекеттик кызматынын отличниги» төш белгиси;
2022 – Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы.

Пикир

Оставить комментарий