• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунда таштарды атайылап түшүрүү иштери жүргүзүлөт

Аймак 0

Бишкек, 15.11.21. /Кабар/. Боом капчыгайында 15-ноябрдан 19-ноябрга чейин таштарды атайылап түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун 133-чакырымында (Боом капчыгайы, темир жолдун 3902-чакырымы) таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт.

"Иш-чарага тиешелүү күчтөр жана техникалар тартылат. Жолдор саат 09:00дөн 15:00гө чейин жабык болот. Ал эми 30-40тан ашык унаанын топтолушу менен таштарды түшүрүү иштери токтоп, унааларды өткөрүүгө уруксат берилет", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий