• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Караколдогу жолдун сапатсыз курулушу. Мамлекетке 1,7 млн сом зыян келтирилген

Аймак 0

Бишкек, 13.07.23. /Кабар/. Караколдогу жолдун сапатсыз курулушунан мамлекетке 1 млн 792 миң 887 сом өлчөмүндө зыян келтирилген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облустук прокуратурасы тарабынан Каракол шаарынын Кыдыр-Аке көчөсүнүн 1,4 чакырым жолду реконструкциялоо боюнча текшерүү жүргүзүлдү.

Анын жыйынтыгында дирекциянын айрым кызмат адамдары кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, аткарылган иштердин көлөмүн ашыкча баалагандыгы аныкталган. Аталган жол сапатсыз жасалгандыктан 6 айга жетпей бузулуп калган.

Бул факт боюнча Ысык-Көл облустук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси менен (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий