• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкекте белгилүү журналист Ольга Дзюбенко дүйнө салды — некролог

Коом 0

Бишкек, 22.12.23./Кабар/. Кыргыз Республикасынын коомчулугу жана журналисттер коому оор жоготууга учурады.

Ушул жылдын 21-декабрында Эл аралык Reuters маалымат агенттигинин кабарчысы Ольга Ивановна Дзюбенко 69 жашында каза болду.

Ольга Дзюбенко 1954-жылы 30-январда туулган. 1971-жылы Фрунзе шаарындагы №13 орто мектепти, 1975-жылы Фрунзе шаарындагы Күрөңкеев атындагы Музыкалык окуу жайын «Балдар музыкалык мектебинин мугалими» адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолун 1971-жылы Пермь шаарындагы № 5 музыкалык мектепте гитара классы боюнча мугалими болуп баштаган.

Ольга Дзюбенко 1982-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин (сырттан окуу бөлүмү) аяктаган.

1979-1984-жылдары «Комсомолец Киргизии» гезитинин редакциясында кабарчы болуп иштеген.

1984-1987-жылдары Кыргыз жарнама агенттигинин Фрунзе шаарындагы гезит-журналдардын жарнак бөлүмүндө улук редактор болуп эмгектенген.

1987-1991-жылдары Кыргыз телеграф агенттигинин фотомаалымат редакциясынын улук редактору болуп иштеген.

1991-1993-жылдары «Жаштар гезити» жумалык редакциясынын экономика бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалаган.

1995-1998-жылдары “Слово Кыргызстана” гезитинин редакциясында баяндамачы болгон.

1998-жылдан 2023-жылга чейин “Рейтерс” эл аралык маалымат агенттигинин кабарчысы болуп иштеген.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.

Ольга Дзюбенко өзүнүн кесипкөйлүгү жана патриоттуулугу менен ата мекендик журналистиканын өнүгүшүнө чоң салым кошкон.

Ольга Ивановна Дзюбенконун жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.

Маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус оор жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

А.У. Жапаров, Э.Ж. Байсалов, А.А. Максутов, Д.Т. Орунбеков, А.Ж. Алагөзов, Ч.Эсенгул уулу, Б.К. Тиллебаев, Э.Д. Догдурбеков, М.А. Шерметалиев, А.Д. Султанбаев, Н.Р. Дүйшөнбиев, А.Р. Жумабаев, Э.К.Баялинова, З.Б. Сыдыкова, Т.С. Наматбаева, В.В. Нешкумай, В.Л. Пирогов, И.В. Коваленко жана башкалар.

Пикир

Оставить комментарий