• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Түркиянын Элазык шаарында Чыңгыз Айтматов атындагы сейил бак ачылды

Маданият 0

Бишкек, 23.12.23. /Кабар/. Түркиянын Элазык шаарында белгилүү жазуучу жана дипломат Чыңгыз Айтматов атындагы сейил бактын жана анын урматына орнотулган монументтин салтанаттуу ачылышы болду. Бул тууралуу Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Ага Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев, Элазык шаарынын облустук жана шаардык бийлик өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.

Белгиленгендей, иш-чара Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына арналган.

Долбоор Кыргызстандын жараны, Түркиянын Малатия шаарындагы Исмет Инону университетинин профессору Закир Азизов менен Элазыктагы “Манас” басмасынын башкы координатору Шенер Булут тарабынан демилгеленип, Элазык аймагынын губернаторлугунун жана шаар мэриясынын, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун жана Кыргызстандын элчилигинин колдоосу менен ишке ашырылды.

Иш-чара манасчы Муса Төлөбековдун “Манас” эпосунан үзүндү айтуу менен башталды.

Элчи Казакбаев сөз сүйлөп, бардык конокторду маанилүү окуя менен куттуктап, Айтматов 2007-жылы 15-Хазар поэзия фестивалына катышуу үчүн барган Элазык шаарында мындай маанилүү иш-чаранын өткөрүлүшүнүн символикасына көңүл бурду. Ошол учурда Элазык тургундары Айтматовду жылуу тосуп алып, анын көңүлүндө эң сонун таасир калтырышкан.

Ошондой эле элчи мен кыргыз эли дүйнөлүк жана түрк маданиятына эки казына – “Манас” эпосу менен Чыңгыз Айтматовду тартуулаганын белгилеп, кыргыз элинин бай маданий жана тарыхый мурасын жайылтууга кошкон салымы үчүн түрк тарапка ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий