• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Акылбек Жапаров: Биздин максат “базар киттеринин” бетин ачуу

Өкмөт 0

Бишкек, 23.12.23./Кабар/. Президент айткандай, салык төлөөнү өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуу катары кабыл алышыбыз керек. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча Министрлер Кабинетинин жыйынында билдирди.

“2019-жылы салык кызматы 78,2 млрд сом жыйнаса, 2023-жылы 183,5 млрд сом чогулткан. 2019-жылы Бажы кызматы 43,3 млрд сом чогултса, 2023-жылы белгиленген план 107 млрд сомго аткарылды. Бажы кызматы биринчи жолу 100 млрд сомдон ашырды”, - деди Акылбек Жапаров.

Ал ошондой эле, көзөмөл-кассалык аппараттарын, ЭТТНди ишке киргизүү боюнча иштер улантылаарын кошумчалады.

"Президент базарларга “даярданууга” убакыт берди. Биз карапайым соодагерлерге тийбейбиз, тескерисинче, аларга бардык шарттарды түзүп берүүгө даярбыз. Биздин максат “базар киттеринин” бетин ачуу”, - деди Акылбек Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий