• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкекте бир суткада COVID-19дун 224 жаңы учуру катталды

COVID - 19 0

Бишкек, 10.06.21. /Кабар/. Бишкекте бир суткада COVID-19дун 224 жаңы учуру катталды, анын ичинен 200ү лабораториялык, 24ү клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталды Бул тууралуу брифингде шаардын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Айнагүл Рыскулбекова билдирди.

Анын айтымында, 224түн ичинен 182си шаардыктар.

Анын ичинен:

-Ленин районунда – 69;
-Биринчи май районунда – 43;
- Октябрь районунда –26;
- Свердлов районунда – 44.

Ал Кыргызстандын башка аймактарынан келген 26 бейтап шаарга каттоого алынганын белгиледи.

Рыскулбекова шаардыктарды эмдөө алууга жана санитардык талаптарды – колду бат-баттан жууп туруу, бет кап тагынуу, аралыкты сактоону так аткарууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий