• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстанда маалыматты кайра иштеп чыгуучу бирдиктүү мамлекеттик борбор түзүлөт

Коом 0

Бишкек, 10.06.21. /Кабар/. Кыргызстанда 2023-жылдын аягына чейин маалыматты кайра иштеп чыгуучу бирдиктүү мамлекеттик борбор түзүлөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Асел Кененбаева билдирди.

Анын айтымында, 2021-2023-жылдарга чейин санариптештирүү боюнча жаңы долбоор иштелип чыкты.

“Долбоордо 33 эң негизги маселелер коюлган. Анын ичине 133 иш-чара киргизилип, алардын баары 2023-жылдын аягына чейин аткарылышы керек. Долбоор негизинен жарандарга электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү түзүү, маалыматтардын коопсуздугун камсыздоо жана аны кайра иштеп чыгуучу бирдиктүү мамлекеттик борборду түзүүнү камтыйт. Тендердин жыйынтыгында жеткирүүчүнү (ред.: поставщик) аныктайбыз. Каржылоо Дүйнөлүк банк тарабынан жүргүзүлөт”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий