Бишкек, 17.04.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын аймагында бир жуманын ичинде 5 миң 652 жол эрежесин бузуу катталды.
Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашкандай, мас абалында унаа башкарган 9 айдоочу кармалган.
Андан тышкары:
- документи жол унаа башкаруу - 53;
- жөө жүрүүчүлөрдүн жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн - 81;
- жол белгилерин баш ийбөө - 3 миң 465;
- автоунаанын терезелерин караңгылатып айдоо - 34;
- коопсуздук курун тагынбоо - 991;
- башка эреже бузуулар - 712.
728 автоунаа айып короосуна токтотулган.
Пикир
Оставить комментарий