• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкекте бокс боюнча жаштар арасындагы КРнын биринчилиги өттү

Спорт 0

Бишкек, 24.12.18. /Кабар/. Бишкекте Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда бокс боюнча жаштар арасындагы КРнын биринчилиги аяктады. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Кыздар арасындагы таймашта 49 килограмм салмак ченинде Айгерим Данигулова (Бишкек) мыкты аталды. Экинчи орунду Алина Тажибаева ээледи. 57 килограмм салмакта биринчи орунду Айдай Аскерова (Каракол) алды. Сезим Нурбекова күмүш медаль тагынды (Бишкек).

Эркектер арасындагы байге ээлери:

49 кг:

1. Бактыбек Садирбек уулу (Баткен);

2. Жакшылык Тилек уулу (Ысык-Көл);

3. Анвар Ходжиев, Ильяз Мырзабеков.

52 кг:

1. Ильяс Ишенгазиев (Нарын);

2. Баяман Магзымов;

3. Нурболот Жыргалбеков (Ысык-Көл).

56 кг:

1. Султан Асан уулу;

2. Азат Кубатов (Бишкек);

3. Мухтарбек Ибраимов, Баймырза Кубатов.

60 кг:

1. Мирзахид Имамназаров (Ош);

2. Асан Абдыкадыров (Бишкек);

3. Рысбек Бектенов, Аскат Култаев.

64 кг:

1. Мухамад Камалидинов (Бишкек);

2. Азирет Раимбеков;

3. Шовкат Максутов, Ырыскелди Кутбердиев.

69 кг:

1. Нурадин Рустамбек уулу (Жалал-Абад);

2. Ислам Тургунов (Ош);

3. Адилет Шаршембиев, Мухамед Багиев.

75 кг:

1. Керимбай Эркинов (Бишкек);

2. Айдар Азамат уулу (Ысык-Көл);

3. Бегалы Абдрасул уулу, Дастан Оңолбеков.

81 кг:

1. Ислам Абдыкадыр уулу (Жалал-Абад);

2. Александр Дресвянников (Чүй);

3. Элдияр Жангазиев, Уран Эруслан уулу.

91 кг:

1. Нурсултан Болотбаев (Нарын);

2. Мыктыбек Урбаев (Джалал-Абад);

3. Гюнер Аксары, Мирлан Мирастан уулу.

+91 кг:

1. Ахмед Усупов (Бишкек);

2. Эрбол Эриков (Бишкек).

Пикир

Оставить комментарий