• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкекте депутат Элмурза Сатыбалдиевдин үйүнүн тосмосу түрттүрүлдү — видео

Коом 0


Бишкек, 29.09.22. /Кабар/. Бишкекте Жогорку Кеңештин депутаты Элмурза Сатыбалдиевдин үйүнүн көчөгө чыгып кеткен тосмосу бузулду. Кызыл тилкеден ашырылып курулган тосмонун түрттүрүлгөн видеосун Бишкек мэриясы социалдык тармактагы баракчасына жүктөгөн.

Депутаттын үйү Шүкүров көчөсү, 166 дарегинде жайгашканын Элмурза Сатыбалдиев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында билдирген.

Эскерте кетсек, комитеттин жыйынында депутат Элмурза Сатыбалдиев менен Бишкектин вице-мэри Нурдан Орунтаевдин ортосунда кайым айтыш орун алган. Анда Орунтаев депутаттын үйүнүн тосмосу муниципалдык жерге чыгып кеткенин айткан. Депутат өз учурунда вице-мэр аны сыйлабай жатканын айтып, керек болсо "сыйлатып" алам деген.

Пикир

Оставить комментарий