Бишкек, 26.03.22. /Кабар/. «Жашыл Мурас» улуттук кампаниясынын алкагында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Ата- Бейит” тарыхый-мемориалдык комплексинин аймагына арча отургузду.
Министрликтен билдиришкендей, иш-чара Эл аралык тоолорду туруктуу өнүктүрүү жылынын жана Тоо экосистемаларын жана климаттык туруктуулукту коргоо жылынын алкагында өттү.
Бак отургузууга министрликтин жетекчилиги жана кызматкерлер катышты.
Пикир
Оставить комментарий