• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Бишкекте фонтандарды жууп-тазалоо иштери жүргүзүлүүдѳ

Коом 0

Бишкек, 14.04.22. /Кабар/. «Тазалык» муниципалдык ишканасы шаардагы оргумаларды (фонтан) жууп-тазалоо иштерин жүргүзүүдө, - деп билдирет Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, кызматкерлер күзүндө калаадагы фонтан комплекстерин оңдоп, профилактикалык иштерди жүргүзүшкөн.

Азыркы учурда кызматкерлер «Ала-Тоо» аянтындагы фонтандардын ичтерин жууп-тазалап жатышат.

Белгилей кетсек, «Тазалык» муниципалдык ишканасынын балансында 16 фонтан бар.

Пикир

Оставить комментарий