• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

4-февралга карата Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 03.02.20. /Кабар/. 4-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлөт, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Ал эми күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 2…7, Талас облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…5, Нарын облусунда түнкүсүн -20…-25, күндүз -8…-13 градус суук болушу күтүлөт.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусунда абанын температурасы түнкүсүн -2…+3, күндүз 3…8 градуска жетет.

Эртең, 4-февралда борбор калаабыз Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1 градус…+1 градус, күндүз 5…7 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий