• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкекте гиря спорту боюнча Азия чемпионаты өтөт

Спорт 0


Бишкек, 27.04.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкекте гиря спорту боюнча Азия чемпионаты өтөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Дене тарбия жана спорт департаментинин спорттогу жогорку жетишкендик бөлүмүнүн башчысы Тилекмат Абдырахманов билдирди.

Анын айтымында, спорттук иш-чара 4-8-майда "Газпром" комплексинде болот.

"23 жашка чейинки эркектер арасында, чоңдор арасында Азия чемпионаты өтсө, 16-18 жашка чейинки өспүрүмдөр жана ардагерлер арасында Азия биринчилиги өтөт. Турнирге алты өлкөдөн: Россия, Казакстан, Өзбекстан, Түштүк Корея, Индия жана Кыргызстандан 250-350 спортчунун катышуусу күтүлүүдө", - дейт ал.

Абдырахманов чемпионатты өткөрүүгө департаменттин бюджетинен 1 млн 480 миң сом каралганын белгилеп өттү.

"Кыргызстандын атынан аталган мелдешке аты чыгып калган төрт спортчу катышат: Руслан Тагиров, Чыңгыз Райымбеков, Чыңгыз Латипов, Токтосун Мырзаев", - деди Абдырахманов.

Кыргызстандын гиря спорту федерациясынын башкы катчысы Азамат Казакбаев өткөн жылы дагы гиря спорту боюнча Бишкекте жаштар арасында дүйнө чемпионаты өткөнүн айтты.

“Ал мелдешке дагы 6-7 өлкөнүн спортчулары келип, күчүн сынап кеткен. Быйыл дагы гиря спорту боюнча эл аралык бирикме бизге ишенич көрсөтүп, Азия чемпионатын өткөрүүгө уруксат берди. Чемпионатка гиря спорту боюнча эл аралык бирикменин аткаруучу комитетинин төрагасы Игорь Солодов, ошондой эле Казакстан жана Өзбекстандын федерацияларынын жетекчилеринин келиши күтүлүүдө”, - деди Казакбаев.

Пикир

Оставить комментарий