• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкекте көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча алты айлык жарыяланды

Коом 0

Бишкек, 14.02.22. /Кабар/. Бишкекте 1-февралдан 31-июлга чейин шаардын аймагын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча алты айлык жарыяланды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алты айдын ичинде муниципалитеттин, шаардык кызматтардын кызматкерлери шаарга кам көрүү иштерин күчөтөт.

Муниципалитеттин башчысы кызматтарга ишембиликтерди гана өткөрүү менен чектелбестен, биргелешкен жана комплекстүү иштерди үзгүлтүксүз жүргүзүүнү тапшырды.

“Шаардын бардык жашоочулары да алты айлыкка катышат – көп батирлүү жана жеке турак жайлардын менчик ээлеринин, ар кандай багыттагы объекттердин менчик ээлеринин жана ижарачыларынын бирикмелерине кошулат. Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерине ылайык, менчигинин түрүнө карабастан бардык чарба жүргүзүүчү субъекттер жанаша жайгашкан аймакты таза жана ирээттүү кармоого милдеттүү”, - деп айтылат маалыматта.

Бардык кызматтарга жана бөлүмдөргө конкреттүү аймактардын бекитилип, жооптуу адамдар аныкталды.

Райондун акимдерине, кызматтардын жетекчилерине санитардык тазалоо жана көрктөндүрүү боюнча бөлүнгөн аймактардын планы менен тиешелүү тапшырмалар жөнөтүлдү.

Шаарда алты айлык тазалыкты жана тартипти өткөрүү борбор калаанын мэринин өзгөчө көзөмөлүндө.

Белгилей кетсек, бул демилге борбордо жайгашкан өлкөнүн министрликтери менен ведомстволорунун кызыгуусун жараткан. Алар белгилүү бир аймакты узак мөөнөткө алып, көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу иштерин жүргүзүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Бишкек шаарынын мэриясы шаардыктарды четте турбоого жана мүмкүн болушунча жүрүп жаткан иштерге кошулууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий