• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкекте кулатуу боюнча эң жеңил салмактагы мушкерлер арасында мелдеш өтөт

Спорт 0

Бишкек, 23.10.19. /Кабар/. Бишкекте кулатуу боюнча эң жеңил салмактагы мушкерлер арасында мелдеш өтөт. Бул тууралуу аталган мелдештин уюштуруучулары билдирди.

Беттеш 27-октябрда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өтөт. Ага кыргызстандык 20 мушкер катышат.

"Мушкерлер эң жеңил салмактагы кур үчүн күч сынашат. Баш байгеге автоунаа коюлган. Мелдеш Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун колдоосу менен өткөрүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Катыша турган мушкерлер:

1. Мырзамидин Пазылов
2. Ариет Бекишев
3. Рыскул Ибрагимов
4. Шермухамбетмуса Мухамбетмуса
5. Рамазан Могуев
6. Руслан Кудайбердиев
7. Арген Маратбек уулу
8. Нурлан Курманалиев
9. Каныбек Бейшеев
10. Каипназар уулу Бектурсун
11. Темирлан Жумабеков
12. Алманбет Нусратилла
13. Жаныбек уулу Данияр
14. Мыктыбек Осконбаев
15. Абдывасы уулу Алманбет
16. Урматбек уулу Чынтемир
17. Бостон Анарбаев
18. Сейталиев Талгат
19. Абдибалиев Адилет
20. Абытов Эмиль.

Пикир

Оставить комментарий