• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкекте Куралдуу күчтөрдүн түзүлгөн күнүнө карата салтанаттуу жыйын өттү

Коом 0

Бишкек, 29.05.23. /Кабар/. Бүгүн, 29-майда Д. Асанов атындагы Жеңиш паркында Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 31 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйын өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага Коргоо министрлигинин жетекчилиги, Коопсуздук кеңешинин катчысы, Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери, мамлекеттик органдардын, коомдук уюмдардын жана Кыргызстанда аккредитацияланган аскердик-дипломаттык корпусунун өкүлдөрү, ошондой эле коргоо ведомствосунун өздүк курамы катышты.

Бул датага арналган митинг Аскердик каармандык монументине гүл чамбар коюу менен башталды.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов аскер кызматчыларды жана ардагерлерди майрам менен жылуу куттуктап, мамлекеттеги жана коомдогу армиянын өзгөчө ролун белгилеп, ошондой эле бардыгына бекем ден соолук жана кызматтарына ийгиликтери каалап кетти.

Иш-чаранын жүрүшүндө кызматында ийгилик жараткан аскер кызматчылар Коргоо министрлигинин жетекчилигинин атынан грамоталар жана ведомстволук медалдар менен сыйланышты.

Майрамдык иш-чаранын алкагында конокторго Улуттук гвардиясынын жана Коргоо министрлигинин өзүнчө аскердик-көргөзмө оркестринин аскер кызматчылары атайын ыкмаларды көрсөтүштү.

Иш-чара өздүк курамдын салтанаттуу жүрүшү менен аяктады.

Маалымат үчүн: 1992-жылдын май айында республикабыздын аймагында жайгашкан мурдагы Советтер Союзунун Куралдуу күчтөрүнүн бардык кошуундары, бөлүктөрү жана мекемелери улуттук юрисдикцияга алынып, ошону менен өзүбүздүн кыргыз армиябыз түзүлгөн.

Көз карандысыздыкты алгандан бери КР армиясы жаш Кыргызстандын аймагындагы таланган, бүлүнгөн аскер бөлүктөрү, кошуундары жана мекемелеринен баштап, заманбап, мобилдүү жаңы аскер техника жана куралдар менен жабдылган, жетилген, Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн өз алдынча коргоого жөндөмдүү армия болуу жолун басып өттү.

Пикир

Оставить комментарий