• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чек арадагы жаңжал. Камчыбек Ташиев Баткенге жөнөп кетти – видео

Коом 0

Бишкек, 03.06.22. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал болгон жерге тик учак менен учуп кетти. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМКнын төрагасы реанимобилдерди алып, шашылыш түрдө Баткенге эки жарадар жоокерди алып келүү үчүн учуп кетти.

УКМКнын чек ара кызматы билдиргендей, кыргыз чек арачылары Баткен районунун Булак-Башы тилкесинде кызмат өтөө учурунда Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандын аймагына кирип кеткенин байкашкан. Кыргыз жоокерлеринин Кыргызстандын аймагынан чыгып кетүү боюнча мыйзамдуу талаптарына баш ийбей ок чыгарган.

Жыйынтыгында эки өлкөнүн чек ара кызматкерлеринин ортосунда атышуу чыгып, тажик тарап миномёт колдоно баштаган.

Кырдаалды турукташтыруу максатында окуя болгон жерге УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы К.Төлөнбаев жана Баткен чек ара отрядынын командири Р. Миршакиров жөнөп кеткен.

Саат 14:00гө карата кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу токтобой, коңшу тарап аскердик оор техника каражаттарын чек арага тарта баштаганы айтылган.

Ал эми саат 14:15ке карата Баткен районуна караштуу Булак-Башы жерлигинде ок атышуу токтогон.

"Саат 14:07де тараптардын чек ара тарамдары ок атышууну токтотуу боюнча буйрук алганына карабастан, тажик тарап кыргыз тараптын позицияларын саат 14:15ке чейин аткылоону улантты", - деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда ок атышуу болгон жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү иш алып барууда.

Тараптар окуянын чоо-жайын тактоо үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүүдө.

Пикир

Оставить комментарий