• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкекте Кыргызстан жаштарынын республикалык конгресси старт алды (сүрөт)

Коом 0

Бишкек, 12.11.18 /Кабар/. Бишкекте Кыргызстан жаштарынын републикалык конгресси старт алды. Иш-чараны КР президенти Сооронбай Жээнбеков ачты.

Өлкө башчысы бардык облус жаштарынын башын бириктирген жолугушуу позитивдүү ойлорду, конкреттүү сунуштарды жана активдүү аракеттерди жүргүзүүчү жай боло тургандыгына ишене тургандыгын айтты.

«Жаштар — өлкөнү жаңылоонун, өнүктүрүүнүн негизги кыймылдаткычы. Жаштарга таянган, аларга ишенип, прогрессивдүү күч катары баалаган өлкө гана бакубат келечек кура алат», -деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Иш-чаранын ачылышында жаш активисттер айыл-чарба, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар менен кызматташуу, айлана-чөйрөнү коргоо жана коомдук-экономикалык маселелерди чечүүгө арналган беш ийгиликтүү долбоорлорду тартуулашты.

Кыргызстан жаштарынын републикалык конгресси “Ала-Арча” мамлекеттик резиденцияда өтүүдө. Аталган иш-чара Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө арналган.

Бул конгресске өлкөнүн бардык региондорунун активдүү топторунун өкүлдөрү катышууда. Конгресс жалпысынан 140дан ашуун делегатты чогултту.

Пикир

Оставить комментарий