• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкекте мамлекеттик жана коомдук ишмер Жеңишбек Бекболотовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү

Коом 0

Бишкек, 08.01.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте мамлекеттик жана коомдук ишмер Жеңишбек Бекболотовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.

Маркумду акыркы сапарга узатуу иш-чарасына Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар, мамлекеттик ишмерлер жана Жеңишбек Бекболотовдун жакындары катышты.

Эске салсак, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу Жеңишбек Бекболотов 2024-жылдын 7-январында узакка созулган оорудан кийин 79 жаш курагында каза болду.

Жеңишбек Бекболотов 1945-жылдын 15-майында Ош облусунун Жаңы-Жол районундагы Караван айылында туулган. 1969-жылы Ташкент политехникалык институтун аяктап, “инженер куруучу – технолог” адистигин алган.

Жеңишбек Бекболотов мамлекеттик кызматта катардагы заводдун мастеринен тартып Өкмөттүн мүчөсүнө жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатына чейинки узак эмгек жолун басып өткөн.

1986-жылдан 1990-жылга чейин Кыргыз ССРинин Эл депутаттары Кеңешинин Ош аткаруу комитетинин Төрагасы болгон.

1990-жылдан 1994-жылга чейин Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин 12-чакырылышынын “Легендарлуу парламенттин” депутаты болуп шайланган.

1996-жылдан 1999-жылга чейин Кыргыз Республикасынын суу чарба министри кызматын аркалаган.

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун администрациясынын башчысы – акими болуп иштеген.

Техникалык илимдердин кандидаты, курулуш, ирригацияда жана суу пайдалануу чөйрөсүндө илимий эмгектердин жана көптөгөн ойлоп табуулардын автору болгон.

Көп жылдык жемиштүү эмгеги, курулуш, айыл жана суу чарба чөйрөсүндө өзгөчө жетишкендиктери үчүн мамлекеттик жана тармактык сыйлыктар менен, анын ичинен “СССР элдеринин достугу” ордени, Кыргыз Республикасынын “Даңк” медалы, “Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген ишмери” наамы менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын техника жана илим жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болгон.

Пикир

Оставить комментарий