• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Саламаттык сактоо министри кыргызстандыктарды COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырды

Ден соолук 0

Бишкек, 08.01.24. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кыргызстандыктарды COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

«Кыргызстанда COVID-19 боюнча абал туруктуу, бирок Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бардык өлкөлөрдө беткап тагынууга жана COVID-19га каршы эмдөө алууга чакырат. Мен да бүгүн эмдөө алдым жана бардык кыргызстандыктарды эмдөө алууга чакырам. Биз бардыгыбыз вакцина менен алдын ала турган оорулар менен, анын ичинде COVID-19 менен күрөшүүнүн эң натыйжалуу ыкмаларынын бири эмдөө экенин түшүнүшүбүз керек. Эмдөө оорулардан коргой алат жана вирусту жуктуруп алуу коркунучун бир топ азайтат”, - деп белгиледи Алымкадыр Бейшеналиев.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда ДССУ тарабынан алдын ала квалификацияланган жарактуулук мөөнөтү 2024-жылдын июнь айына чейин болгон 150 000 доза көлөмүндө “Синовак” вакцинасы бар. 2024-жылдын биринчи кварталындаPfizer вакцинасынын20 000 дозасынын келиши күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн, 8-январда кайрадан COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүп, министр ДССУнун алдын ала квалификациясынан өткөн «Синовак» вакцинасын алды.

Пикир

Оставить комментарий