• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Бишкекте пейнтбол оюн жайында өрт чыгып, бир адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 05.09.22. /Кабар/. Бишкектин Бакаев көчөсүндөгү пейнтбол оюн жайында өрт чыкканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Оюн жайында эки даана стол, оюн-зоок ойноочу автоматтар жана үч даана пластик терезе күйгөн. Өрттүн кесепетинен Б.Т. аттуу жаран 1-даражадагы күйүк алып, тез жардам кызматына өткөрүп берилген.

Өрттүн себеби такталууда.

Эскерте кетсек, сутка ичинде республиканын аймагында 37 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 41 бөлүм тартылган.

Пикир

Оставить комментарий