• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Бишкекте “Салттуу музыка” жумалыгы аяктады

Маданият 0

Бишкек, 26.04.18 /Кабар/. Бишкекте кыргыздын улуттук фолклордук музыкасын эл арасында жайылтуу максатында өткөн “Салттуу музыка” жумалыгынын жабылуу аземи салтанаттуу түрдө аяктады. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Гала-концерт Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өттү. Ага КР Маданият министри Султан Жумагулов катышты, жабылуу аземде министр куттуктоо сөзүн айтып, сынактын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктарды жана дипломдорду ыйгарды.

Эске сала кетсек 25-апрель Салттуу музыка күнүнө карата “Салттуу музыка жумалыгы” 21-25 апрелге чейин өткөн. Ага 12 жаштан 30 жашка чейинки фольклор багытында оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусствонун айтуучулук, аспапчылык , аваздык-аспапчылык багыттары боюнча салттуу музыканын алып жүрүүчүлөрү катышкан.

Аталган жолбоор КР маданият, маалымат жана туризм министрлиги, “Кыргыздын салттуу музыкасы” фонду, КР Улуттук илимдер академиясы, Кыргыз-Түрк “Манас” жогорку окуу жайынын колдоосу менен ишке ашты.

Пикир

Оставить комментарий