• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Бишкекте Советтер Союзунун Баатыры Дайыр Асановдун 100 жылдыгына карата митинг-реквием өттү

Коом 0

Бишкек, 31.05.22. /Кабар/. Бишкекте Советтер Союзунун Баатыры генерал-майор Дайыр Асановдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына карата митинг-реквием болуп өттү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Дайыр Асанов окуу процессине, тарбиялоо ишине көңүл буруп, өсүп келе жаткан муундун тарбиясына зор салым кошкон. Анын жетекчилиги астында жакшы окуу-материалдык база түзүлгөн: окуу корпусу, спорт залы, китепкана, лабораториялар, клуб, бассейн, медициналык жай жана ашкана.

Ал республика боюнча дыйкандардын, чабандардын балдары РСШИДЕ окууга мүмкүнчүлүк алышынын демилгечиси болгон. Дайыр Асанов республика боюнча билимдин мыкты педагогдорун жана тарбиячыларды чогултуп ийгиликтүү окуучуларды тарбиялап чыккан. 1994-жылы РСШИ Советтер Союзунун Баатыры генерал-майор Д.Асанов (КНВЛ) атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейи деп аталып калган.

1986-жылдан бери РСШИ-КНВЛ дубалында 3500дөн ашык тарбиялануучулар билим алышкан, алардын ичинен 14 окуучу алтын жана күмүш медалдар менен аяктаган.

Советтер Союзунун Баатыры генерал-майор Дайыр Асанов жаш муундарды аскердик-патриоттук тарбиялоо максатында өзүнүн патриоттуулугун, мекенге болгон берилгендигин жана сүйүүсүн, аскердик парзын жөнүндө 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушка катышуу тажрыйбасын «Военно-патриотическое воспитание молодежи», «Ради жизни на земле», «Святой долг и призвание командира» аттуу китептерине жазып калтырган.

Ошондой эле Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Дайыр Асановдун урматына Бишкектин Октябрь районунун түштүк тарабындагы сейил багына Д.Асановдун ысымы ыйгарылган.

"Дайыр Асановдун элеси миллиондогон мекендештердин жүрөгүндө сакталып калат. Ал Кыргызстанга ишеним жана чындык менен кызмат кылган жана кыргыз элине үлгүлүү, мугалим жана насаатчы болуп кала берет", - деп белгилешти мэриядан.

Иш-чарага КР коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартов, Октябрь райондук акимчилигинин башчысы Азамат Дороев, Советтер Союзунун Баатыры генерал-майор Дайыр Асановдун уулу Дамир Асанов, Куралдуу күчтөрдүн ардагерлеринин Бишкек шаары боюнча союзунун төрагасы Мелис Бейшеев, ошондой эле райондун ардагерлери жана тургундары катышты.

Пикир

Оставить комментарий