• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Баткендеги аткезчилик жер семирткичтер боюнча жарандардын кайрылуусу. Облус башчы текшерүүгө алды

Аймак 0

Бишкек, 31.05.22. /Кабар/. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев социалдык тармак аркылуу кайрылган жарандардын маселеси боюнча 30-майда облустук күч структураларынын жетекчилери менен биргеликте көчмө жыйын өткөрдү.

Өкүлчүлүктүн маалыматына ылайык, көчмө жыйындын негизинде облустун аймагындагы аткезчиликке каршы коюлган убактылуу посттордон жана мобилдик топтордон кабар алып, алардын ишмердүүлүгүн текшерүү болду.

“Текшерүү учурунда жарандар тарабынан айтылган “Развилка” постунда жер семирткич жүктөлгөн оор жүк ташуучу унаа турган. Бирок айдоочулары жок болуп чыкты. Толук байланышууга дагы мүмкүнчүлүк болбоду. Социалдык тармак аркылуу Лейлек районунун Кулунду айыл аймагына жер семирткич дыйкандарга жетишпей жана кымбат баада болуп жаткандыгы тууралуу маалымат боюнча Кулунду айыл өкмөтүнө байланышкан учурда бул боюнча келишим түзүлгөн эместигин билдиришти”, - деп айтылат маалыматта.

Алимбаев облустун аймагындагы бардык аткезчиликке каршы коюлган убактылуу постторду жана мобилдик топторду текшерүүгө алат.

Белгилей кетсек, жыл башынан бери Баткен облустук Бажы кызматы тарабынан аткезчилик жана бажы эрежелерин бузган 189 аткезчилик фактысы аныкталып, чыгымдын жалпы суммасы 6 млн 115 миң 873 сомду түзгөн. Келтирилген зыяндар мамлекеттин пайдасына өндүрүлгөн. Ал эми чек ара кызматынын берген маалыматы боюнча, жыл башынан бери мыйзамсыз жер семирткич алып өткөн 16 факты катталган.

Пикир

Оставить комментарий