• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Бишкекте талапка жооп бербеген 12 жарнама тактасы, 25 баннер алынды

Коом 0

Бишкек, 25.04.23. /Кабар/. Бишкекте жарнамаларды иретке келтирүү иши уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жарнамалык конструкцияларды демонтаждоо иштери Чүй проспектисин бойлой Манас проспектисинен Абдрахманов көчөсүнө чейин жүргүзүлүүдө. Негизги басым латын алфавитинде жазылган дизайнга бурулат. Бүгүнкү күндө 37 объект, анын ичинен 12 жарнама тактасы, 25 баннер алынды.

Буга чейин комиссия жарнама жайгаштыруу эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эскертүүлөрдү тапшырган.

Белгилей кетсек, текшерүүлөр шаардын архитектуралык-көркөм-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу, тышкы жарнама маалыматтын мамлекеттик тилдеги тексттерин адабий тилдин нормаларына ылайык келтирүү, ошондой эле шаардын сырткы жарнамаларын жайгаштыруу жана пайдаланууну тартипке келтирүү максатында жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий