• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкекте унаа жуучу жайдын кызматкери кардардын унаасын айдап кеткен

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.11.18. /Кабар/. Бишкекте унаа жуучу жайдын кызматкери жуудурганы алып келген унааны айдап качып кеткен. Бул тууралуу борбордук милициянын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 6-ноябрь күнү Бишкек шаарынын тургуну күмүш түстөгү “Фольксваген Пассат” үлгүсүндөгү унааны унаа жуучу жайдан уурдап айдап кеткендерге чара көрүү тууралуу арыз жазган.

Криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында Чүй облусунун аймагында мурун соттолгон 1992-жылкы М.у.А. аттуу жаран кармалган. Бул жигит ошол унаа жуучу жайдын кызматкери болуп чыккан.

Кармалган жаран бир айга камакка алынган, тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий