• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Ботаникалык бак Эл аралык био ар түрдүүлүк күнүн белгилейт

Коом 0

Бишкек, 26-май /Кабар/. Э.З.Гареев атындагы Ботаникалык бак 27-майда саат 11:00дө Эл аралык био ар түрдүүлүк күнүнө карата иш-чара уюштурат. Бул тууралуу КР УИА басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү датанын быйылкы жылдагы темасы био ар түрдүүлүк жана туруктуу туризм болуп, иш-чарада экосистема жана ландшафттын ар түрдүүлүгү туризмдин өнүгүшүнө жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө таасир эте тургандыгы катышуучуларга түшүндүрүлөт.

Уюштуруучулардын пикири боюнча туризм - жергиликтүү био ар түрдүүлүккө эки тараптуу (жаман-жакшы) таасир этиши мүмкүн. Ал эми Кыргызстандын жана дүйнөнүн ар кыл түрлөргө бай флорасы менен таанышуунун эң оңой жолу Ботаникалык бак болуп эсептелинет деп айтылат.

Иш чаранын программасына төмөндөгүлөр камтылат:

- Экологиялык-туристтик жол менен экскурсияга чыгуу: экскурсоводдун коштоосунда жалгыз аяк жол менен жүрүп флоранын жана фаунанын кызыгын көрүүгө болот;

- “Кыргызстандын жана Борбордук Азиянын флорасы” аталышындагы көргөзмөдө: гүлдүү, дарылык касиети бар, жыпар жыттуу, эфир-май бөлүп алынчу өсүмдүктөр коюлат;

- Дүйнөнүн ар бурчунан алынып келинген декоративдик өсүмдүктөрдүн көргөзмө-ярмаркасы болот;

- Балдарга арналган программалар: балдар менен биргеликте чоңдор дагы жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүндөгү кызыктуу фактылар тууралуу маалымат ала алышат;

Иш чара УИАнын Е.З. Гареев атындагы Ботаникалык багы, “Ырыстан” жана “Инициатива Арча” коомдук фонддору тарабынан уюштурулган иш-чара Ахунбаев 1 А (Шабдан Баатыр көчөсү менен кесилишет) дарегинде өтөт.

Пикир

Оставить комментарий