• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Прокурор казиного 762 миң доллар уттурду деген маалымат чындыкка дал келбейт – БП

Коом 0


Бишкек, 29.09.23. /Кабар/. Башкы прокуратура тарабынан жасалма документтердин негизинде 1 млрд 478 млн рублди чыгарып кетүү фактысы боюнча банк кызматкерлерине жана укук коргоо органдарынын кызмат адамдарына карата козголгон кылмыш иши тергелүүдө.

Ведомствонун маалыматына ылайык, ошондой эле прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын негизинде айыпталуучулардан 20 млн АКШ доллары өндүрүлүп, каражат ээлерине, тактап айтканда, россиялык ишкерлерге кайтарылган.

Жабырлануучуларга келтирилген зыяндын калган суммасы, тагырагы, 762 500 АКШ доллар жума күнү, жумуш убактысынын аягында өндүрүлгөн. Банктардын иштөө мөөнөтү бул учурда аяктагандыгына байланыштуу, жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатын бөлүм башчы Р.Абдырасулов кызматтык сейфте убактылуу сактап, банкка өткөрүп берүүгө тийиш болчу.

Бирок, апта башында Р.Абдырасулов 3 күн жумушка чыкпагандыгына байланыштуу, инвентаризация жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алынып, жыйынтыгы боюнча анын кызматтык сейфинде көрсөтүлгөн акчанын жок экендиги аныкталган.

Р.Абдырасулов акча каражатын кымырып алган деп шектелип, дароо кылмыш иши козголгон. Көрүлгөн чаралардын негизинде Башкы прокуратуранын бөлүм башчысы шектүү катары кармалган. Эртеси Р.Абдырасуловдун жакындары 762 500 АКШ долларын алып келип, тергөөгө өткөрүп берген.

Белгилей кетсек, "Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө" КР мыйзамынын талаптарына ылайык, Кыргызстандын жарандары оюн-зоок жайларынын кардары боло алышпайт.

Ошондуктан прокуратура кызматкери казиного, кумар оюн жайларына барган деген маалымат чындыкка дал келбейт. Анткени, кумар ойноочу жайларга барууга мыйзам тарабынан тыюу салынган, экинчиден мындай ири сумманы Р.Абдырасулов казиного уттурса, анда алар жогоруда айтылган сумманы кайтарып бермек эмес.

Учурда козголгон кылмыш иштин негизинде тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Ал эми, Рустам Абдырасулов камакта.

Эскерте кетсек, буга чейин ЖМКлар прокуратуранын кызматкери Рустам Абдырасулов ​​кылмыш иштеринин бири боюнча далил катары сакталган 700 миңден ашуун долларды букмекердик кеңседе уттуруп ийгендигин жазып чыгышкан.

Пикир

Оставить комментарий