• 87.86
  • 93.94
  • 1

БШК: Кайра шайлоого талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыздарды кабыл алуу аяктады

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 27.01.22. /Кабар/. БШК 27-февралга дайындалган №27 Биринчи май жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыздарды кабыл алууну токтотту.

Боршайкомдон билдиришкендей, арыздарды кабыл алуу 27-январда саат 18:00дө аяктады.

“Жалпы иш” коомдук фонду талапкерлерден документтерди кабыл алуу процессине байкоо жүргүздү.

27-январдын саат 18:00гө карата БШКга 72 талапкерден документтер түштү, анын ичинен төмөнкү 26 талапкер катталды (документтерди кабыл алуунун акыркы күнү 12 талапкерден арыз түштү).

- №27 Биринчи май шайлоо округу боюнча 36 талапкер (33 эркек, 3 аял) көрсөтүлдү анын ичинен 12 талапкер катталды, 1 талапкер шайлоого катышуудан баш тартты;
- №29 Свердлов шайлоо округу боюнча 36 талапкер (25 эркек, 11 аял) көрсөтүлдү анын ичинен 14 талапкер катталды, 1 талапкер шайлоого катышуудан баш тартты.

БШК “Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамынын 61-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, депутаттыкка талапкерди каттоо үчүн төмөнкү документтердин толук топтому БШКга шайлоо күнүнө чейин 27 календардык күндөн кечиктирбестен, 2022-жылдын 30-январында саат 18:00гө чейин берилүүгө тийиш экендигин эске салат:

- бекитилген формага ылайык өмүр баянын жана башка маалыматтарды көрсөтүү менен талапкер жөнүндө маалыматтарды;
- паспортунун көчүрмөсүн;
- жогорку кесиптик билим жөнүндө документтин нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн;
- иштеген же окуган жеринен маалымдаманы;
- бекитилген формага ылайык башка мамлекеттин жарандыгы жок экендиги жөнүндө маалыматтарды;
- жеке маалыматтарын иштетүүгө жазуу жүзүндө макулдугун;
- шайлоо күрөөсүн төккөндүгүн ырастоочу документти.

Пикир

Оставить комментарий