• 87.3
  • 94.96
  • 0.98

БШК жана БУУӨП жарандык билим берүү программалары боюнча кызматташууну талкуулады

Коом 0

Бишкек, 10.11.21. /Кабар/. КР Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын БУУнун өнүктүрүү программасынын шайлоо маселелери боюнча улук кеӊешчиси Риса Араи менен жолугушуусу болду. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Шайлдабекова "Бир шайлоочу – бир добуш" принциби боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын эсептөөнүн ишенимдүүлүгүн камсыздоодо алдыда күтүлгөн парламенттик шайлоонун өзгөчөлүктөрү, аралаш шайлоо тутуму, реформалоодо жетишкен жыйынтыктар тууралуу айтып берди.

"Жаӊы шайлоо тутуму аймактардын, ар кыл саясий жана социалдык топтордун өкүлчүлүгүн камсыздайт, чечим чыгарууда аялдардын, жаштардын, этникалык азчылыктын, майыптыгы бар адамдардын катышуу мүмкүнчүлүгүн кеӊейтет", - деп белгилеп, 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген парламенттик шайлоого карата даярдык көрүүнүн алкагында үгүттөө этабы башталгандыгы тууралуу кабарлады.

Ошондой эле жолугушууда шайлоонун ар кыл этаптарында БУУӨПтүн, Япония, Германия, Швейцария өнөктөштөрүнүн колдоо көрсөткөндүгү баса белгиленип, кызматташуунун ар бир багыты жемиштүү жүрүп жаткандыгы, алдыга коюлган максаттаришке ашырылгандыгы айтылды.

2021-жылдагы парламенттик шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында эӊ маанилүү болуп БУУӨПтүн аймактык телеканалдарга колдоо көрсөтүүсү эсептелет, алар биринчи жолу бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча көрсөтүлгөн талапкерлер үчүн теледебаттарды өткөрүшөт, мындай теледебаттарды өткөрүү үчүн аларга техникалар сатылып берилди.

"Кеӊири масштабдагы маалыматтык өнөктүктү өткөрүүнүн алкагында күч-аракеттин баары шайлоо эркиндигин камсыздоого багытталды, анткени шайлоочулардын маалыматка ээ болуусу жана түшүнүүсү эркин шайлоонун маанилүү бөлүгү болуп эсептелет. Мына ушуга байланыштуу, КР БШК шайлоочуларга ар кыл форматта маалымат берүүнү уюштурду, ошондой эле талапкерлер тууралуу чоӊ тираждагы басма сөз продукциясы даярдалууда. Боршайкомдун сайтында талапкерлер жана саясий партиялар, ошондой эле шайлоо фонддорунун каражаттарынын кирешеси жана чыгымдары тууралуу автоматтык режимде жаӊыланып туруучу маалыматты камтыган бөлүм иштейт. Бул жерде ошондой эле партиялардын жана талапкерлердин программалары жайгаштырылган", - деди төрайым.

Риса Араи демократиялык шайлоолорду камсыздоо боюнча КР БШК жасаган иштерин белгилеп кетти. Шайлоо мыйзамдарын, жарандык билим берүү программаларын жакшыртуунун алкагында кызматташууну улантуу тууралуу да сөз болду.

Пикир

Оставить комментарий