• 87.3
  • 94.96
  • 0.98

COVID-19: Чет жакка кетип жаткан кыргызстандыктар дагы бир жеке лабораторияда анализ тапшыра алышат

COVID - 19 0

Бишкек, 15.01.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги COVID-19га жүргүзүлгөн лабораториялык анализдин жыйынтыктарын өз ара таануу тутумуна министрликке караштуу Республикалык режимдик комиссиянын уруксаты бар дагы бир "Интермедикал" ЖЧК жеке лабораториясы киргизилгендигин маалымдайт.

Ошентип, Кыргыз Республикасынан чет өлкөгө кетип жаткан жарандар үчүн ПЧР-тестин эки мамлекеттик жана үч жеке лаборатория жүргүзөт:

1. Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин Улуттук вирусологиялык лабораториясы;

2. Ош шаарындагы Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун улуттук лабораториясы;

3. Бонецкий жеке лабораториясы;

4. "AQUA" жеке лабораториясы;

5. "Интермедикал" жеке лабораториясы.

Пикир

Оставить комментарий