• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Депутат Турусбеков: Кыдыр аке кыргыз-орус мамилелеринин өнүгүшүна баа жеткис салым кошкон

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек. 22.03.19 /Кабар/. Кадырман Кыдыр акенин кыргыз элинин тарыхы менен бакубат келечегине баа жеткис салым кошкон, ошондой эле ал кыргыз-орус мамилелеринин башатында турган. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин депутаты Бактыбек Турусбеков Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясына (КМШ ПАА) Кыдыр Байсары уулунун (Кыдыр акенин) айкелин тартуулоо аземинин жүрүшүндө билдирди.

Анын пикиринде, ал мамлекелер азыркы учурда эки элдин ортосундагы бекем биримдикке жана стратегиялык өнөктөштүккө чейин өсүп жетилди.

"Бул азем парламенттер аралык кызматташтыктын алкагында өтүп жаткан катардагы жөн-жай иш-чаралардын бири эле эмес, акылман тарыхый инсандын жана эки элдин ортосунда достук байланыштарды калыптандырууга, аны андан ары өнүктүрүүгө зор салым кошкон адамдын жаркын элесине таазим этүүгө багытталган иш-чара да болуп саналат. Кыдыр аке кезинде Омск шаарына барган ысык-көлдүк элчиликтин башында турган, ошондон кийин алар Россия империясынын букаралыгын алган. Ошол кезде мындай шарт эки тараптын теӊ кызыкчылыгына туура келген", - деди Бактыбек Турусбеков.

Депутат андан аркы сөзүндө Кыдыр акенин 18 жашында Түргөн болушунун башчылыгына шайланып, ал кызматта 20 жыл иштегенин, өз журтунун көптөгөн көйгөйлүү маселелерин калыстык жана акылмандык менен чечикенин, ошондон улам ал элдик «аке» наамына арзыганын белгиледи.

"Кыдыр аке өзүнүн бүтүндөй өмүрүн кыргыз элинин бакубат келечегине арнады. Анын 1873-жылдагы мамлекеттер аралык чек араны жоюуга, кыргыз, казак, кытай таргаут, калмак чек араларын кайрадан аныктоого кошкон салымы да зор болгон. Мына ушундай элибизге сиӊирген эмгектери эске алынып, Россия империясынын көптөгөн жогорку сыйлыктарына арзыган", - деп кошумчалады Турусбеков.

Белгилей кетсек, 22-март күнү Санкт-Петербурга шаарында КМШ ПААга Кыдыр Байсары уулунун (Кыдыр акенин) айкелин тартуулоо аземи болду. Иш-чарага Жогорку Кеӊештин депутаттары Каныбек Иманалиев, Садык Шер-Нияз, Бактыбек Турусбеков, Тынчтык Шайназаров, КМШ ПАА Кеӊешинин милдетин аткаруучу - КМШ ПАА Кеӊешинин Катчылыгынын жетекчиси Дмитрий Кобицкий баштаган КМШ ПАА жетекчилиги, окумуштуулар менен эксперттер катышты.

Пикир

Оставить комментарий