• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Өкмөт ушул кезге чейин улуттук маданиятка жетиштүү көӊүл бурбай, бюджеттен калдык түрүндө каржылап келет - депутат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 20.04.18 /Кабар/. Жогорку Кеӊеште жаӊыдан түзүлө турган Өкмөттүн программасы, анын түзүмү менен курамын бекитүү жөнүндө маселеле каралып жатканда, депутат Садык Шер-Нияз Өкмөт ушул кезге чейин улуттук маданиятка жетиштүү көӊүл бурбай, бюджеттен калдык түрүндө каржылап келгенин белгилеп, Премьер-министрликке талапкерди маданиятка жакшылап көӊүл бурууга чакырды. Ал маданият кызматкерлери кошоматтардан алыс болуп, улуттун келечеги үчүн кам көрө турганын кошумчалады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Премьер-министрликке талапкер Мухаммедкалый Абылгазиев буга чейин маданият тармагы бюджеттик каражаттын тартыштыгына байланыштуу жетишсиз каржыланып келгенин моюнга алып, маданият тармагында иштеген адамдарга шарт түзүү зарылдыгын белгиледи. «Албетте, өлкөнүн өнүгүшүндө маданияттын мааниси зор. Кыргызстан өзүнүн улуттук маданиятынын өзгөчөлүгү менен алыска тааныла алат. Биздин өкмөт бул багытта алгылыктуу чараларды көрөт», - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий