• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

ДНК экспертиза Петербургдагы жардырууга шектүүнүн өздүгүн ырастады

Дүйнө 0

Бишкек, 6-апрель /Кабар/. ДНК экспертиза Акбаржон Жалиловдун өздүгүн ырастады, ал тергөөнүн маалыматы боюнча, петербург метросунда жарылуучу затты активдештирген. Бул тууралуу Тергөө комитетинин өкүлү Светлана Петренко билдирди.

А.Жалиловдун өздүгүн таануу учурунда анын ата-энеси дагы ырастады. Азыр тергөөчүлөр террорчу деп шектелип жаткандын байланыштарын тыкыр иликтеп жатат.

Ошондой эле, каза болгондордун барынын өздүгү аныкталды.

“Площадь Восстания” станциясында табылган колго жасалган жарылуучу зат жарылуучу-техникалык экспертизага жөнөтүлдү. Ал заттын тибин, кубаттуулугун, зыян келтирүүчү элементтерин жана башка маалыматтарын антыктайт.

Тергөө комитетинин өкүлү билдиргендей, Жалиловго тинтүү жүргүзүү учурунда табылган предметтер дагы экспертизага жөнөтүлөт. “Болжолдуу маалыматтар боюнча, алар "Площади Восстания" станциясында табылган жарылуучу заттын фрагменттерине окшош, бирок бул боюнча акыркы жыйынтыкты экспертизанын жыйынтыгы боюнча чыгарууга болот”,-деп кошумчалады Петренко.

Эскерте кетсек, Санкт-Петербургдагы "Сенная площадь" жана "Технологический институт-2" метролорунун ортосунда жарылуу болуп, анда 14 адам каза болгон. Тергөөнүн версиясы боюнча, 22 жаштагы Жалилов алгач "Площадь Восстания" станциясына бомба (аны зыянсыздандырышкан) таштап, андан кийин поезддин вагонунда өзүн жардырып жиберген. Жалилов Кыргызстанда туулган, Россиянын жараны, улуту өзбек. Анын үй-бүлөсү Кыргызстанда жашайт. 2011-жылы ал Россиянын жарандык паспортун алган.

Булак: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий