• 87.3
  • 94.96
  • 0.98

ЕАӨБ Кант цемент заводун каржылоо мүмкүнчүлүгүн карап жатат

Экономика 0

Бишкек, 15.05.23. /Кабар/. Евразия өнүктүрүү банкы (ЕАӨБ) Кант цемент заводун каржылоо мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Бул тууралуу Азия жана Тынч океан регионундагы өнүктүрүү институттарынын Асооциациясынын (ADFIAP) жыйынында ЕАӨБ башкармалыгынын башчысы Николай Подгузов билдирди.

Анын айтымында, банктын 2023-жылга эсептелген ири долбоорлорунун бири — Кант цемент заводун жаңылоо. Карала турган каражаттар цемент ишканасынын жабдыктарын жаңылоого жана өндүрүм көлөмүн көбөйтүүгө багытталат.

Подгузов ишкананы каржылоо 40 млн.доллардан ашат деп эсептелип жаткандыгын кошумчалады.

ЕАӨБ башкармалыгынын төрагасынын орун басары Денис Ильиндин айтымында, цемент ишканасынын өкүлдөрү банкка кайрылышкан жана колдоо тапкан.

“Кант цемент ишканасынын өкүлдөрү инвестициялык программасы менен кайрылышты. Бул албетте каржылоо менен тыгыз байланыштуу эмеспи. Биз үчүн да жемиштүү долбоор. Бирок каржылоо маселесин жакынкы бир айда карап чыгып, так жооп беребиз”, - деди Ильин.

Пикир

Оставить комментарий