• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектин Абдрахманов-Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги тротуар кеңейтилүүдө

Коом 0

Бишкек, 15.05.23. /Кабар/. Бишкектин Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги аялдама комплекси жылдырылып, тротуарды кеңейтүү иштери жүргүзүлүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, шаар тургундарынын ынгайлуулугу жана унаа тыгындарын алдын алуу максатында эски аялдама комплекси демонтаждалды, жол бордюрлары орнотулуп, жолдун өтүүчү бөлүгү даярдалып асфальт төшөлдү.

Жакынкы арада кеңейтилген тротуарга демөөрчүлөрдүн эсебинен жаңы заманбап аялдама комплекси орнотулат.

Ошондой эле тротуарды кеңейтүү, бордюрларды орнотуу, пландоо жана асфальт төшөө иштери жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, жогоруда көрсөтүлгөн аймакта эс алуу жайы пайда болот.

Пикир

Оставить комментарий