• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

ЕАЭБдин байкоочу-өлкөсү статусун алуу Молдова үчүн абдан маанилүү – И.Додон

Саясат 0

Бишкек, 14-апрель /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Молдованын көпчүлүк жарандары Евразиялык экономикалык биримдикке интеграциялоону ачык колдошот. Бул тууралуу Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин жыйынында Молдованын Президенти Игорь Додон билдирди.

Ал ЕАЭБдин байкоочусу статусун алуу алар үчүн абдан маанилүү экендигин белгиледи.

“Биз алгачкы оңой эмес, чечкиндүү жана ырааттуу кадамдарды жасадык. 3-апрелде кызматташуу тууралуу меморандумга кол койдук. Бул бизге бири-бирибизди жакындан билүүгө жол ачат. Менин түшүнүгүмдө, ЕАЭБдин байкоочу статусун берүү тажрыйбасы жок, биз алгачкыбыз. Мен биздин суроону кабыл алгандыктары үчүн ыраазычылык билдирем. Бул баары үчүн маанилүү жана Молдова үчүн да, потенциалдуу өнөктөштөр үчүн да жакшы белги”, - деп белгиледи ал.

“Кандай кыйынчылыктар болорун түшүнүп турабыз. Оңой болбойт. Чакыруу үчүн ыраазычылык билдирем. Бул биз үчүн тарыхый окуя болуп саналат”, - деп кошумчалады Молдованын Президенти.

Пикир

Оставить комментарий