• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Энергетика министри көмөкчордондорду реконструкциялоо ишинин жүрүшү менен таанышты

Коом 0


Бишкек, 15.06.23. /Кабар/. Энергетика министри Таалайбек Ибраев Бишкек электр тармактар ишканасынын "Ала-Арча" жана Чүй электр тармактар ишканасынын "Кудайберген" көмөкчордондорунун реконструкциялоо иштери менен таанышты.

Ведомстводон билдиришкендей, министр алгач "Ала-Арча" көмөкчордонуна барып, жаңыланып жаткан автотрансфрматорлор тууралуу жеринде маалымат алды.

Быйыл январь айындагы катуу суукта калк электр энергиясын ашыкча колдонгондуктан бул көмөкчордонго күч келген. Мындан улам көмөкчордондун кубаттуулугу көтөрүлүп, оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө.

Электр тармагына кубаттуулукту көбөйтүү жана жүктү азайтуу максатында Бишкек электр тармактар ишканасы АТ-2 автотрансформаторун 220-110-10 кВ "Ала-Арча" жогорку вольттуу көмөкчордонуна алмаштырууда.

Ошентип, кубаттуулугу 200 МВА болгон автотрансформатор кубаттуулугу 250 МВА болгон жаңысына алмаштырылды. Ушундай эле иштер АТ-1 автотрансформатору менен жүргүзүлгөн. Белгилей кетсек, автотрансформаторлорду алмаштыргандан кийин подстанциянын жалпы кубаттуулугу 500 МВА түзөт.

Мындан тышкары, Таалайбек Ибраев оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн "Кудайберген" көмөкчордону боюнча жеринде маалымат алды.

Бул подстанция Сокулук районунун аймагында жайгашкан. Аталган подстанцияда быйыл бардык электр жабдуулары пландуу капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Анда кубаттуулугу 6300 кВА болгон 35/10 кВ Т-1 күч трансформатор 10000 кВА кубаттуулуктагы трансформаторго алмаштырылды.

Эскерте кетсек, учурда бардык энергокомпанияларда 2023-2024-жылдагы күз-кыш мезгилине карата даярдык иштерди жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий